Суроолор жана жооптор
- Займы в мобильном приложении
- Займы на товары в торговых сетях
-
Зайымды кантип алууга болот?«Страна Экспресс» компаниясынан тез зайым алуу үчүн, смартфонго биздин «Золотая Корона» өнөктүн «Акча которуулар» (6+) тиркемесин орнотуңуз. «Кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмүн тандаңыз, «Зайым» кыстырмасына өтүңүз жана микрозайымды тариздөөнү баштаңыз. Сиздин арызды макулдашуу ыкчам өтөт – суралган сумманы берүү жөнүндө чечим 24 сааттын ичинде кабыл алынат. Биринчи заем банк-өнөктөрдө накталай берилет, кийинкилердин бардыгын өздүңүздүн банктык картага эсептетсе болот. Толугураак бул жерден окуңуз.
-
Зайымды кантип жабуу керек?
Карыздарды төлөө түрдүү ыкмалар менен мүмкүн болот:
- Банктык картадан «Золотая Корона – Акча которуулар» (6+) мобилдик тиркемесинде.
- Банктык кеңселерде, соода тармактарда же Россия Почтасынын бөлүмдөрүндө накталай (операция үчүн комиссия алынат).
Төлөөнүн бардык ыкмалары жөнүндө толугураак бул жерден окуңуз.
-
Зайымды алуу шарттары
Биз күрөөсүз жана кепилдик берүүчү адамдар жок документтердин эң аз топтому менен накталай жана картага берүү менен микрозайымдарды берүүнү пайдалуу шарттарда сунуш кылабыз.
- Зайымдын мөөнөтү 63 күнгө чейин
- Суммасы 3000 рублдан 50000 рублга чейин
- Пайыздык чен 0,95%.
Арызды тариздөө үчүн документтердин скандарын жана сүрөттөрүн мобилдик тиркемени пайдаланып жөнөтүү зарыл (документтердин толук тизмеги «Кантап алса болот» бөлүмүнө жайгаштырылган).
- Зайымдын мөөнөтү 63 күнгө чейин
-
Пайыздар кантип эсептелинет?Зайымдын келишими боюнча кошуп эсептелинген пайыздардын суммасы суммадан жана мөөнөтүнөн көз каранды болот. Чен күнүнө 0,95% түзөт. Ашыкча төлөмдүн суммасын эсептөө үчүн сайттагы зайым боюнча пайыздардын тез калькуляторун колдонууну сунуш кылабыз.
-
Картага зайымды кантип алса болот?Экинчи микрозайымдан баштап «Страна Экспресс» зайымды айлык маянага чейин картага тез эсептөө менен алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
-
Заемду насыя тарыхы жок кантип алса болот?Зайымды биздин компанияда тариздөөдө насыя тарыхынын болушу милдеттүү эмес.
-
Зайымды накталай кантип алса болот?Адаттагы акча которуу сыяктуу акчаны карызга накталай алыңыз! Ал үчүн сиз берүү пунктуна кайрылып жана зайымды макулдук алгандан кийин сиз алган которуу номерин айтышыңыз керек. Банктардын даректерин тиркемеден «Берүүчү чекиттерди кароо» баскычын басып же биздин сайттан «Тейлөө пункттары» бөлүмүнөн оңой жана тез тапсаңыз болот. Акча алуу үчүн, сураныч арызды тариздеп жатканда сиз жөнөткөн документтерди, скандарды өзүңүз менен алып алыңыз. Эгерде паспорт латын тилинде толтурулса, анын нотариустук тастыкталган орус тилиндеги көчүрмөсү керек болот.
-
Картага акча алуунун ыкмаларыБардык россиялык банктардын МИР, Visa, Mastercard же Maestro карталарына тез зайымдарды алуу. Бул акчаны карызга шашылыш алуунун ыңгайлуу ыкмасы. Кызмат көрсөтүү, экинчи зайымдан баштап жеткиликтүү.
-
Зайым алган адамга коюулуучу негизги талаптар
Зайымдар Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Молдованын, жана Армения жарандарына берилет. Жашы: 18 ден 75 жашка чейин.
-
Зайымды мөөнөтүнө чейин жабууга мүмкүнбү?Ооба, пайыздардын суммасынан ашкан төлөмдү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурда болгон зайым боюнча пайыз азаят, анткени калдыксыз эсептелинет.
-
Зайымды узак мөөнөткө кантип алса болот?«Страна-Экспресстен» тез зайым ала турган максималдуу узак мезгил, 63 күндү түзөт.