Денежные переводы
KoronaPay
4.6
Скачать
+7 (495) 234-28-34
чалуулар операторуңуздун тарифине ылайык төлөнөт
«Страна Экспресс» Magazine

2022-жылы миграциялык мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөр

2022-жылы миграциялык мыйзамдардагы жаңы өзгөрүүлөр

Орусия дагы эле чет элдик жумушчу күчкө көз каранды. Бирок бул көз карандылык өз ара, анткени эмгек мигранттары Россия Федерациясында татыктуу эмгек акы менен эмгек рыногун табышат – өлкөдө орточо эсеп менен 43 миң рубль. айына, жана Москвада 60 мин рублга жакын эмгек акы алышат. Пандемияга карабастан Орусияда миграциялык учетто катталган чет элдиктердин саны бир жыл ичинде 2 миллиондон ашык көбөйүп, 2021-жылы 10,5 миллион адамдан ашканы таң калыштуу эмес. 

Мигранттар Орусиянын экономикасынын көптөгөн тармактарында эмгектенишет, бирок алардын көбү- бардык жумушчулардын 55% курулуш тармагында, турак жай-коммуналдык чарбада - 35%га жакын,  жана айыл чарбасында - 25%дан ашыгы иштейт.

Орусиядагы эмгек мигранттарынын жашоосу ар кандай мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынып, алар дайыма өзгөрүп турат. Бул макалада 2022-жылы күчүнө кире турган миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып беребиз. 

2021-жылдын декабрында жокко чыгарылган миграциялык жеңилдиктер. 

Макаланын башында Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарына COVID-19га байланыштуу киргизилген, жана 2021-жылдын 31-декабрында жокко чыгарылган жеңилдиктерди кыскача санап кетели.

Ошентип, иштебей калат:
  • Миграциялык картада крсөтүлгөн кирүүнүн каалаган максаты үчүн мурда уруксат берилген эмгек патентин берүү. 
  • Патентти тариздөөдө документтерди тапшыруу мөөнөтү боюнча мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруунун кажети жок. 
  • Каалаган Виза менен иштөөгө уруксат алуу.

1-жылдын 2022 – январынан тартып Россияга жумушка орношуу үчүн келген бардык чет өлкөлүктөр үчүн миграциялык картада кирүү максатын - "жумуш" (работа) деп көрсөтүшү керек. 

2021-жылдын декабрь айынан баштап күчүнө кире турган өзгөрүүлөр

Бир катар олуттуу өзгөрүүлөр чет өлкөлүктөрдүн жашап турууга уруксатты (ВНЖ) жана РФда убактылуу жашоого уруксатты (РВП) алууга тиешелүү. Бул инновациялар төмөнкү нерселерге байланыштуу. 

  1. Бир катар граждандар —   СССРдеги мектепти 1991-жылдын 1-сентябрына чейин, же орус мектебин 1991-жылдын 1-сентябрынан 1995-жылдын 31-декабрына чейин аяктагандар орус тилин билуу боюнча тестинен бошотулат.
  2. Туулгандыкты каттоо фактысын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эле эмес, каалаган тиешелүү документ менен тастыктай аласыз.
  3. Жашоого уруксат алууда (ВНЖ) соттуулугу жок экендигин документтештирүү зарыл эмес, эгерде мындай маалымкат РВП үчүн мурда берилген болсо.
  4. Медициналык корутунду чек арадан өткөндөн кийин отуз күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
  5. Украинанын, Молдованын жана Казакстандын жарандары РВП ны квотасыз жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат.

Инновациялардын дагы бир блогу биометрикалык маалыматтарды алып салууга тиешелүү. 2021-жылдын 29-декабрынан тарта Орусияда 90 күндөн ашык жүргөн бардык чет элдик жарандар үчүн манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүү милдеттүү болуп калат. Бул бардык чет элдиктерге тиешелүү экенин белгилей кетүү маанилүү - алар Россия Федерациясына кайсы өлкөдөн жана кандай максатта келгени маанилүү эмес. Россия менен союздаш мамлекеттин курамына кирген Беларустун жарандары гана өзгөчө болуп саналып, аларга тиешеси жок.

2022-жылы миграциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр

Чет элдик жумушчу үчүн эмгек патентинин баасы

Эмгек мигранты үчүн эң маанилүү суроолордун бири- патенттин баасы канча турат? Анткени, бул сөзсүз ай сайын чыгашалар. Жумушка мыйзамдуу укук берген бул документтин наркы бир нече көрсөткүчтөрдөн туруп, жыл сайын өзгөрүп турат жана аймакка жараша болот. 

Эске салсак, патенттин наркы "базалык чоңдук х Коэффициент–дефлятор х регионалдык коэффициент"формуласы боюнча эсептелет.

Базалык наркы Салык кодексинде бекитилген, ал өзгөрбөйт жана 1,2 миң рубльди түзөт. Бирок тарифтер жыл сайын өзгөрүп турат.

Коэффициент-дефлятор 2022-жылга карата РФ экономикалык өнүгүү министрлигинин буйругу менен 1,98 деңгээлинде белгиленип, 2021-жылга салыштырмалуу көбөйгөн (1,864).

Региондук коэффициент Россия Федерациясынын субъекттери тарабынан белгиленет - жылдан-жылга азайып, көбөйүшү же ошол эле деңгээлде калышы мүмкүн. Ошентип, аймактык бийлик органдары өздөрүнүн жергиликтүү эмгек рыногун жөнгө сала алат.

2022-жылы аймактык коэффициент Ингушетия менен Адыгеяда өзгөрүүсүз калат, ал эми Челябинск облусунда төмөндөйт. Бирок, Россиянын көпчүлүк аймактарында бул көрсөткүч чоңоюп, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн эң жагымдуу субъекттерде - Москвада жана Москва облусунда өсөт. 

Түшүнүктүү болуу үчүн биз Россия Федерациясынын бир катар аймактарында 2020-жылдагы эмгек патенттеринин наркын көрсөтүү үчүн мисал келтирели.


Россия Федерациясынын субъектиси 2022-жылга карата аймактык коэффициент Патенттин баасы (руб.)
Центральный федеральный округ
Владимирская область 2,176 5170
г. Москва 2,4832 5900
Московская область 2,483165 5900
Северо-Западный федеральный округ
Калининградская область 2,2 5227
Санкт-Петербург 1,767677 4200
Ленинградская область 1,767677 4200
Приволжский федеральный округ
Республика Татарстан 2 4752
Нижегородская область 2,3 5465
Самарская область 1,86 4419
Уральский федеральный округ
Свердловская область 2,33586 5550
Тюменская область 2,636 6263
Ямало-Ненецкий АО 4,181 9934
Сибирский федеральный округ
Красноярский край 2,1473 5102
Кемеровская область 2,045 4859
Новосибирская область 2,0096 4775

2022-жылы эмгек мигранттары үчүн квота.

Миграция мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү дагы бир маанилүү параметр - жыл сайын каралып туруучу экономиканын түрдүү тармактарында чет элдик жумушчуларга уруксат берилген үлүшү. Бул ченемдер Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атайын токтому менен Россиянын жарандарынын эмгекке болгон укук чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарын коргоо максатында аныкталат.

2022-жылы мигранттар үчүн мыйзамдар нөлдүк квотаны сактайт, ошондуктан төмөнкү үч иштин түрү боюнча чет элдиктерди жалдоого тыюу салынат:

  • стационардык эмес соода объектилеринде жана базарларда чекене соодага;
  • дүкөндөрдүн, күркөлөрдүн, базарлардын сыртында чекене соода;
  • дарыканаларда дары-дармектерди чекене сатуу.

Төмөндө жайгаштырылган таблицадан 2022-жылы эмгек мигранттарын өзгөчө кызыктырган экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө кандай квоталар колдонулаарын биле аласыз. 

Ишмердүүлүктүн түрү Квота өлчөмү  (%)
Жүргүнчүлөрдү жер транспорту менен ташуу (автобустар, микроавтобустар, трамвайлар, троллейбустар, метропоезддер ж.б.) 24%


Автомобилдик жүк ташуу (ар кандай транспорт каражаттарын пайдалануу менен ар кандай жүк) 24%
Жашылча өстүрүү 50% (чектөө Астрахань аймагында колдонулбайт)
Бак-дарактарды кыюу жана токой чарбасы 50%
Жыгач иштетүү, жыгач буюмдарын даярдоо (эмеректерден тышкары) 50%
Курулуш
80% (Москва, Амур облусу жана Бурятиядан тышкары). Дагестан үчүн: 50% Краснодар крайы үчүн: 60%
Имараттарды жана аймактарды тейлөө (жыйноо, тазалоо, дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо, карды тазалоо, тосмолорду куруу ж. б.) 70%
Мүлктү башкаруу 70%

СНИЛС алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн

2022-жылдын 1-январынан тарта мигранттар Россия Федерациясы менен чек арадан өткөндөн кийин дароо жеке өздүк эсептин камсыздандыруу номерин (СНИЛС) ала алышат.

Бул үчүн чет өлкөлүк жаран жашаган өлкөсүнөн алдын ала арыз бериши керек. СНИЛС алуунун жаңы процесси мигранттарга Орусияда оңой жумушка орношууга жардам берет.

Чет өлкөлүк жарандар Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу(Госуслуги) чек арадан өткөндөн кийин дароо жекече өздүк эсеп ачуу үчүн Россия Федерациясынын Пенсиялык фондуна арыз бере алышат. Бул аларга Россияга келгенден кийин дароо СНИЛС алууга мүмкүндүк берет, бул алардын эмгек ишмердүүлүгүнүн башталышын жөнөкөйлөштүрөт жана тездетет ошондой эле мыйзамсыз ишке орноштуруунун кыскарышына өбөлгө түзөт. 

Мигранттын IT картасы

2022–жыл Орусияны жумуш жана жашоо үчүн тандап алган миллиондогон адамдар үчүн, тагыраак айтканда, миграциялык мыйзамдардагы инновациялардан улам абдан маанилүү жыл болуп калышы мүмкүн.

Маалым болгондой, миграциялык мыйзамдардын реформасын иштеп чыгуу аяктап жатат, аны Мамлекеттик Дума 2022-жылдын ортосуна чейин бекитиши керек. Эң маанилүү инновациялардын бири мигранттын санариптик IT картасы болмокчу. Мындай карта Россия Федерациясынын аймагындагы чет өлкөлүктүн өздүгүн тастыктаган документ болуп, бүткүл Россия Федерациясынын аймагында 10 жыл бою күчүндө болот, жана бул мөөнөт өткөндөн кийин картанын ээси тарабынан эч кандай мыйзам бузуулар болбосо, ал мөөнөтсүз болуп калат. (станет бессрочной.)

Мындан тышкары, эмгек мигранттары менен алардын иш берүүчүлөрүнүн ортосундагы мамилени санариптештирүү пландалууда. Чет өлкөлүктөрдү «санариптик» (цифровое) ишке орноштурууну уюштурууга мүмкүндүк берүүчү тиешелүү электрондук реестрлер киргизилет. 

Биз буга чейин ишке ашырылып келген, же 2022-жылы ишке ашырылышы пландалган жаңы миграциялык мыйзамдарды толук чагылдырууга аракет кылдык. Биздин материал сиз үчүн пайдалуу болду деп үмүттөнөбүз.