Денежные переводы
KoronaPay
4.6
Скачать
+7 (495) 234-28-34
чалуулар операторуңуздун тарифине ылайык төлөнөт
«Страна Экспресс» Magazine

Чет өлкөлүктөр үчүн Орусиядагы төрөт: маанилүү жөнүндө кыскача

Чет өлкөлүктөр үчүн Орусиядагы төрөт: маанилүү жөнүндө кыскача

Чет өлкөлүктөр үчүн Орусиядагы төрөт

Баланын төрөлүшү - бул көптөн күткөн кубанычтуу окуя, ага алдын ала даярдануу керек.

Орус жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС) боюнча акысыз төрөткө укуктуу. Бирок, эгерде сиз чет өлкөлүк жаран болсоңуз жана Россия Федерациясынын аймагында бала төрөөнү пландаштырсаңызчы?

Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандар үчүн төрөт - тез медициналык жардам категориясына кирет. Бул деген жарандыгыңыз, медициналык камсыздандыруу полисиңиз барбы-жокпу, сиз төрөт үйүнө жөнөтүлүп, ал жактан сизге толугу менен бекер жардам милдетүү түрдө көрсөтүлүш керек дегенди билдирет.

  • Маанилүү! Tилекке каршы Медициналык мекемеде КМШ жарандары үчүн төрөттөн кийинки текшерилүү, медициналык полис болбосо мүмкүн эмес. ОМС гана төрөгөн аялга, жана балага толугу менен акысыз Россияда зарыл болгон медициналык кызмат комплексин алууга мүмкүнчүлүк берет. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин кантип алуу керектигин жана ал үчүн кандай документтер талап кылынарын биз – «Мигрантка Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Полисин(ОМС) кантип тариздөө керек» деген макалада кеңири баяндайбыз.

Чет өлкөлүктөр үчүн Россияда төрөт ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси (ДМС) боюнча да берилиши мүмкүн. Бул кандайдыр бир себептерден улам сиз Россияда ММК Полисин(ОМС) ала албай жатсаңыз же алууну пландабасаңыз.ДМС кызматтарына ар дайым акы төлөнөт, жана бир топ сумманы талап кылышы мүмкүн.

Демек, эгер сиз болочок ата-эне болсоңуз, жана балаңыздын Россияда төрөлөөрүн так билсеңиз, анда медициналык полисти тариздөөдөн (ОМС), жана дарыгерлердин кеңешин алууга кайрылуудан баштаңыз.